• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин борборунда Кайгуул кызматынын унаасы жана такси катышкан жол кырсыгы болду

Кырсык 0


Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Бишкектин борборунда Милициянын кайгуул кызматынын унаасы жана такси катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окуянын күбөлөрү кабарлады.

Белгилүү болгондой, жол кырсыгы Абдрахманов көчөсү жана Чүй проспектисинин кесилишинде болгон.

Күбөнүн айтымында, Милициянын кайгуул кызматынын унаасы таксини сүзүп алган. Бирок ошол эле учурда таксинин алдыңкы бөлүгү дагы жабыркагандыгын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерде жабыркагандар, ошондой эле тез жардам кызматы байкалбайт.

Пикир

Оставить комментарий