• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Боксчу Эмирхан Ражапов жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эмирхан Ражапов жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Турнир ушул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат.

Ражапов 81 килограммдан жогорку салмак категориясында мелдешке катышып, 1/2 финалдык баскычтан баштады.

Турнирдеги биринчи беттеште кыргызстандык боксчу рингде индиялык спортчу менен беттешип, калыстардын чечими менен утулуп калган. Бирок бул салмак категориянын акыркы протоколунда 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Медаль Кыргызстандын курама командасы үчүн турнирдеги биринчи медаль болду.

Пикир

Оставить комментарий