• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Күн мурун саат 13:30да Бишкек-Торугарт унаа жолунун 123-чакырымында Боом капчыгайынын кире беришинде Toyota Tundra жана Ford Galaxy үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулду. Инспекторлор жол кырсыгынын чоо-жайын тактоодо.

Пикир

Оставить комментарий