• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүйдө административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Чүй облусунда административдик-аймактык реформалардын алкагында окутуу-семинар өткөрүлдү, деп билдирет Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде агенттиктин кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топтор түзүлгөн. Алар республика аймактарын кыдырып, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинарларды өткөрүшүүдѳ.

"Чүй облусунда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине, шаар мэрлерине, айыл ѳкмѳт башчыларына, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына усулдук жардам кѳрсѳтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий