• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдө поезд унааны сүзүп, айдоочу ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында эл ташынан поезд “ГАЗ 53” үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. ӨКМден кабарлашкандай, окуя бүгүн, болжол менен саат 11:20лар чамасында катталган.

Кырсыктын кесепетинен “ГАЗ 53” унаасынын айдоочусу жабыркаган.

Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды райондук ооруканасына жеткиришкен, бирок жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Азыркы учурда райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий