• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Cутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында жайгашкан турак үйдүн 65 чарчы метр болгон бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында жалпы аянты 40 чарчы метр болгон азык-түлүк сатуучу дүкөн толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарында турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Пикир

Оставить комментарий