• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарында жеңил жана оор жүк ташуучу унаа кагылышты

Кырсык 0

Бишкек 19.02.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 159-чакырымында жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 18-февралында болжол менен саат 00:25 чамасында катталган.

ӨКМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жардам беришкен.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий