• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда санариптик трансформация долбоорун колдоону улантат

Коом 0

Бишкек, 12-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы санариптик трансформация долбоорун колдоону мындан ары да улантат. Бул туурасында аталган банктын Борбор Азиядагы өкүлү Лилия Бурунчук президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушуу Бишкекте өткөн “Таза-Коом” санариптик трансформация программасынын Эл аралык форумунун алкагында болгон.

Жолугушуу учурунда С. Исаков “Digital CASA” долбоорун ишке ашырууга 50 млн АКШ долларын бөлүп бергени үчүн, Дүйнөлүк банктын өкүлүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, “Таза коом” программасынын негизги милдеттеринин бири интернет түйүнүн өлкөдөгү ар бир айылга жеткирүү болуп саналат. Бул өз кезегинде адамдын потенциалын жогорулатып, миңдеген жаштардын интернет аркылуу билим алуусуна жана дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда окушуна мүмкүнчүлүк ачат”,-деди С. Исаков.

Ал эми Л. Бурунчук санариптик трансформация өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатып, мамлекеттеги ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртат деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий