• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” китеби “Жылдын мыкты китеби” номинациясын жеңди

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Кыргызпатент “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды.

Ведомстводон билдиришкендей, конкурс авторлорду, басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, илим, билим берүү, маданий чөйрөдө китепти жана окууну андан ары жайылтууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Акыркы эки жылда жарык көргөн китептерди карап чыккан калыстар тобунун баалоосу жана сунуш-пикирлеринин негизинде төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

– “Жылдын мыкты прозасы” номинациясы боюнча Усубалиевдин “Зоока” китеби;

– “Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча Б. Жамгырчиевдин “Романтика” китеби;

– “Жылдын мыкты балдар адабияты” номинациясы боюнча Б. Асаналиевдин “Балдан ширин балалык” китеби;

– “Жылдын мыкты басмасы” номинациясы боюнча “Кут-Бер” басмасы;

– “Жылдын мыкты жазуучусу” номинациясы боюнча К. Ашымбаев;

– Ал эми баш байге, “Жылдын мыкты китеби” номинациясы Э. Иманалиевдин “Аманат” китебине ыйгарылды.

“Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана дипломдор 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Белгилей кетсек, калыстар курамына белгилүү адабиятчылар, окумуштуулар, акын-жазуучулар кирген.

Пикир

Оставить комментарий