• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эмгек министрлиги соцмекемелер үчүн 7,8 млн сомго көмүр сатып алды

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги интернаттар жана аймактык башкармалыктар үчүн 7,8 млн сомго көмүр сатып алды. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүнө барганда айтты.

Министрдин айтымында, жалпысынан интернат мекемелерине, медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга жана аймактык башкармалыктарды көмүр менен камсыз кылуу үчүн жалпы суммасы 8,7 млн сомго 30 келишим түзүлгөн.

"7,8 млн сомдон ашык каражат жеткирүүчүлөргө которулду. Калган каражаттар отун келип түшкөнүнө жараша которулат. Социалдык камсыздоо системасы 70% отун менен камсыздалган, анткени айрым башкармалыктарда кампалар жок болгондуктан, көмүр мүмкүнчүлүккө жараша ташылып келинип жатат. Министрликтин жетекчилиги өткөн жылы дагы, быйыл дагы тиешелүү социалдык мекмелерди пландан тышкары текшерип жатат. Күндүн сукташын биз дайым көзөмөлгө алып турабыз", - деди ал.

Министр бул мекемедеги 315 адамдын тамак-ашынын жана тейлөө кызматынын сапатын текшерүүгө алды.

Пикир

Оставить комментарий