• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эртең Бишкектеги мектеп директорлорунун кызмат ордуна талапкерлерди тестирлөө өтөт

Билим 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Эртең, 30-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Талапкерлерди тандоо бир нөөмөттө өтүп, сынак саат 08:00дө башталат.

Талапкерлерди каттоо – 7:30

Апелляциянын башталышы – 16:30

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынан талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктаган.

Бишкек шаары боюнча ваканттык орундардын саны 62.

Пикир

Оставить комментарий