• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Финансы министри: 2022-жылга пландар амбициялуу, бирок ишке ашырууга мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. 2022-жылга пландар амбициялуу, бирок ишке ашырууга мүмкүн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин коллегиясынын жыйынында министр Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылга консолидацияланган бюджет 43,9 млрд сомду түздү.

«Жылдын пландары амбициялуу, бирок ишке ашырууга болот, анткени бүгүнкү күндө мындай жыйынтыктарга жетүү жагынан саясий колдоо жана түшүнүү бар», - деди ал.

Министр белгилегендей, 2022-жылы төмөнкү иштерди аткаруу пландаштырылууда:

- толук санариптештирүүнү жүргүзүү;

- социалдык жана күч блогунун эмгек акысын жогорулатуу;

- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;

- энергетика тармагындагы табигый-климаттык шарттардын көз карандылыгынан чыгуу;

- ирригациялык системаны оңдоо жана калыбына келтирүү;

- сапаттуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн жабдууларды сатып алуу;

- насостук станцияларды жакшыртуу;

- COVID-19 менен күрөшүү;

- жол тармагын өнүктүрүү.

Белгиленгендей, 2022-жылдын башында энергетика тармагына 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнсө, 2022-жылдын 1-кварталынын аягына чейин дагы 3 млрд сом бөлүнүшү зарыл. Мындан тышкары, ирригацияны оңдоого дагы 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий