• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ч. Султанбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлеринин аткаруучулук тартибин жогорулатууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Чолпон Султанбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият тармагын өнүктүрүү боюнча Программасы бекитилгендигине карабастан, бүгүнкү күнгө дейре анын Планы жана стратегиясы иштелип чыккан эмес.

Мындан тышкары, эки жылдан бери «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонддору жөнүндө» мыйзамы аткарылбай келе жатат. Алты айлык мөөнөттө ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга тийиштүү тапшырма аткарылган эмес.

Вице-премьер-министр министрлик кызматкерлеринин аткаруучулук тартиби аксап жаткандыгына басым жасап, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, токтомдору жана буйруктары такыр аткарылбай жаткандыгын, же өз мөөнөтүндө аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу Чолпон Султанбекова кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана аткаруучулук тартибин жогорулатуу зарыл экендигин айтты.

Буга катар ал атамекендик кинематографтагы оңдуу көрүнүштөр бар экендигине токтолду. Белгилүү болгондой, кыргызстандык режиссерлордун бир катар эмгектери эл аралык деңгээлде бааланып, алдыңкы орундарга ээ болууда.

«Мен кинематографисттерге кайрылып, эли-жерибиздин кооздугун, табияттын кайталангыстыгын, салт-санаабыздын, улуттук баалуулугубуздун өзгөчөлүгүн даңктаган, жаштарды шыктандырган тасмаларды жаратууга чакырат элем», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда жогорку адискөй режиссерлор, сценаристтер, актерлор, музей, китепкана кызматкерлеринин саны азаюуда. Кадрлардын сапаттык жагын көтөрүү иретинде алар үчүн тийиштүү шарттар түзүлүшү кажет.

Жыйын соңунда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ведомство жетекчилигин Маданият, маалымат жана туризм министрлигининин алдына коюлган милдеттерди так аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий