• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Транспорт министри Тилек Текебаев темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 06.08.23./Кабар/. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев август айынын биринчи жекшембисинде белгилене турган темир жол тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы – өлкөнүн Темир жолчулар күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу темир жол тармагынын ардагерлери!

Кымбаттуу кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Темир жолчулар күнү менен куттуктайм!

Акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин колдоосу менен чоң кадамдарды аткара алдык.

Алардын бири катары “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу” долбоорунун ишке ашырылышын, “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушунун башталышын айтсак болот.

Ошондой эле, поезддердин вагондору оңдоп-түзөөдөн өтүп, жүргүнчүлөргө заманбап шарттар түзүлүүдө.

Мында албетте, ишкананын ар бир кызматкеринин чоң эмгеги бар.

Жоопкерчилик менен өз ишин аткарып жаткан ар бир кызматкерди дагы бир ирет кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм».

Пикир

Оставить комментарий