• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Япония Олимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстанды маданий иш-чараларды өткөрүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кечээ, 14-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров Япония министрлер кабинетинин жетекчиси, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын алга жылдыруу боюнча башкы штабынын Токио комитетинин жетекчиси Риосукэ Андо менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Жапаров, Яманаси шаарынын мэриясынын Регионалдык ресурстарды өнүктүрүү жана Токиодо Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарды өткөрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Хироки Хинохара, Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Юитиро Уои катышты.

Депутат Таалайбек Масабиров Япониянын эки жактуу кызматташууга, анын ичинде, спорт жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Япония менен кызматташу боюнча депутаттык достук тобунун ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылган айрым иштерге токтолду.

Өз кезегинде Риосукэ Андо Япония Өкмөтү Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына кызуу даярдыктарды көрүп жаткандыгын маалымдап, спорт жаатында эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүү ниети бар экенин билдирди. Ошону менен катар Япониянын Яманаси шаарын Кыргызстандын бир шаары менен боордош кылуу сунушун ортого салып, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстандын маданий иш-чараларын өткөрүүгө чакырды. Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров берилген сунуштарды колдоорун белгилеп, алар өз жол-жоболору аркылуу жүзөгө ашаарына ишеним артты.

Мындан сырткары, жолугушууда тараптар Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын алдында Кыргызстан курама командаларынын спортчуларынын машыгуусуна тиешелүү шарттардын түзүлүшү жаатында пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий