• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүндө өлкө аймагында укук бузуулар катталган жок

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын майрамдоонун алкагында милиция кызматкерлери 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Республика боюнча ички иштер органдарынын 10 миң кызматкери тартылып, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүштү.

Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайында эгемендүүлүк күнү жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чарага 40 миңден ашык жаран катышып, 10 миңден ашык унаа келген. Ошондой эле өлкө аймагында жана Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти бузуулар болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий