• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ИИМ: Россияда окуп жаткан кыргызстандык курсанттарды алып келүү маселеси чечилди

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык курсанттарды алып келүү маселеси ишке ашырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу мамлекеттик чек аралардын жабылышы жана авиакаттамдарга чектөөлөр киргизилиши менен Россиянын ИИМдин тутумундагы жогорку окуу жайларда окуп жаткан кыргызстандык курсанттары азыркы учурга чейин өз алдында учуп келишине мүмкүн болгон эмес.

Ушул жылдын июль айында аталган маселе ИИМдин жетекчилиги тарабынан Республикалык штаб менен биргеликте чечилип, “Авиа-Траффик Компани” авиакомпаниясынын жардамы менен курсанттардын учуп келишине шарт түзүлгөн. Буга байланыштуу Россиянын аймактарында окуган курсанттар чогуу учуулары үчүн Москвага топтолушкан.

2020-жылдын 18-июль күнү КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен “Домодедово” аэропортунан “Москва-Бишкек” каттамы боюнча 95 жүргүнчү, анын ичинен 91 курсант, 4 адьюктант учуп келишти. Жогорку билим алуу жана аттестациядан өтүү программасы боюнча курсанттарды мындан ары даярдоо аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий