• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Юстиция министрлигинде 294 саясий партия каттоодон өткөн

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Юстиция министрлигинде катталган жана кайра катталган саясий партиялардын саны 294тү түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 294 партиянын ичинен быйыл 21и катталса, 10у кайра катталган.

“2020-жылда 17 партия катталса, үчөө кайра катталган. 2021-жылдын жарым жылдыгында жана 2020-жылы саясий партиялардын иш аракетин токтотуу боюнча арыз түшкөн эмес”, - деп айтат ал.

Сыдыков кошумчалагандай, 2021-жылдын тогуз айында тогуз жалпыга маалымдоо каражаты катталып, экөө кайра каттодон өткөн.

“Бирөө иш аракетин токтоткон. 2020-жылы 32 жалпыга маалымдоо каражаты катталып, 21и кайра каттодон өткөн”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий