• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кадамжайдын тургуну жубайын бычактап, андан соң асынып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кадамжайдын тургуну аялын бычактап, андан соң асынып алган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июнда болжол менен 04:00 чамаларында Кадамжай шаарынын тургундары, 35 жаштагы Н.Б жана Б.Б. аттуу жубайлардын ортосунда чыр чыгып, жолдошу жубайына бир нече жолу бычак сайып, мыкачылык менен өлтүргөн. Андан соң кылмышка шектүү Б.Б. Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы айылдардын бириндеги салынып бүтө элек үйүнө барып асынып алган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий