• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Караколдон келген делегаттар Ош шаарынын өнүгүү жолунда экендигине жогорку баа беришти

Аймак 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. Каракол шаарынан келген делегация тажрыйба алмашуу максатында Ош шаарындагы мектептерге жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанына коюлган модулдук отканалар менен таанышты. Ош шаарында жалпысынан көп кабаттуу үйлөрдү жана социалдык объектилерди 80 откана жылуулук менен камсыз кылат, алардын 17си модулдук отканалар,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда Ош шаарына Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев жана шаардык кеңешинин төрагасы Эрлан Айсаракунов баш болгон делегацияга келген. Аларды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы алгылыктуу иштер менен тааныштырып, тажрыйба бөлүшүшкөн.

Делегациянын өкүлдөрү саркынды суу тазалоочу бекетке барып, «Ош шаар суу канал» ишканасынын ишмердүүлүгүн көрүп кайтышты. Ошондой эле, Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын ийгиликтери жана жаз мезгилинде отургузула турган гүлдөрдүн уруктары эгилген күнөсканалар менен таанышты.

Мындан сырткары, делегацияны Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков заманбап медициналык факультети менен стационардык клиникасы менен тааныштырып,окуу копустарды, инавациялык класстарды, окуу методикаларын көрсөтүп чыкты.

Андан соң, келген делегация Ош тазалык ишканасынын ишмердүүлүгүн көрүп, шаарда тазалык багытында алгылыктуу жумуштар жүрүп жатканын белгилешти.

Кечинде, шаардын көчөлөрүнө жана 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна коюлган жаңы светодиоттук чырактарды көрүп, “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашып жаткандыгына, Ош шаарын өнүгүү жолунда экендигине жогорку баа беришти.

Пикир

Оставить комментарий