• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Казакстанда акыркы сутка ичинде 943 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 943 кишиден аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 323, Алматы шаарында - 110, Шымкент шаарында – 17, Акмоло облусунда - 33 Актөбе облусунда - 7, Алматы облусунда - 27, Атырау облусунда - 26, Чыгыш-Казакстан облусунда – 64, Жамбыл облусунда – 22, Батыш-Казакстан облусунда - 13, Караганда облусунда - 153, Костанай облусунда - 31, Кызылорда облусунда - 30, Мангистау облусунда - 12, Павлодар облусунда - 43, Түндүк-Казакстан облусунда - 15, Түркестан облусунда – 17 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 410 миң 523 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий