• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Казакстандын президенти мамкызматкерлердин санын азайтууну сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик түзүүнү сунуштады.

Казак президенти 1-сентярда парламентте элге кайрылуу жолдоп жатып, бул органды «реформалар боюнча жогорку президенттик кеңеш» деп атап, ал түзмө-түз өзүнө баш ийерин билдирди. Токаевдин айтымында, агенттиктин курамына Статистика комитети кириши керек.

Ал мындан тышкары түзмө-түз президентке баш ийген атаандаштыкты коргоо боюнча агенттик түзүүнү да демилгеледи.

Бул арада Токаев мамлекеттик кызматкерлердин санын быйыл 10%, келерки жылы 15% кыскартууну сунуштады. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт.

Токаев жыл аягына чейин министрликтердеги жооптуу катчылар институтун жоюу зарылдыгын белгиледи. Бул кызмат 2007-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда пайда болгон. Өкмөт отставкага кетсе да катчылардын ыйгарым укуктары токтотулган эмес.

— Бул институтту киргизген кезде жооптуу катчылар алмаштырылгыс болсо, министрлер административдик-кадрдык жумуштан бошоп, аппараттын туруктуулугу камсыз болот дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Министрлер менен жооптуу катчылар арасында пикир келишпестиктер болду. Анын кесепети жалпыбызга тийди, — деди ал.

Токаев өлкө мамлекеттик башкаруунун «жаңы моделине» муктаж экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий