• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ӨКМ: Бир суткада эки адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде эки адамдын сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1938-жылы туулган аялдын сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Андан тышкары, Аламүдүн районуна караштуу Энергетик шаарчасында жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудукта белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек кишинин сөөгүн кудуктан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий