• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

ӨКМдин Өрткө каршы кызматына 97 жыл толду. Бообек Ажикеевдин куттуктоосу

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астындагы Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнө 97 жыл толду. Буга карата өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев куттуктоо жолдоду.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кесиптештер! Кадырлуу өрткө каршы кызматынын ардагерлери жана жалындан коркпогон айбаты күчтүү эр азаматтары!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 15-июнь — Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кылымдык тарыхты өзүнө камтыган өрткө каршы кызматы өзүнүн түптөлүү жолунан бери нечендеген адам өмүрүн ажалдан арачалап калууда, миллиондогон материалдык баалуулуктарды сактоодо жасаган эмгегиңиздер баа жеткис эрдик экени талашсыз жана бул элибизге болгон бөтөнчө камкордук.

Кесиптин оордугуна жана татаалдыгына карабастан тандап алып, алоолонгон жалын менен күнү-түнү күрөшүп келгиниңиздерге таазим!

Урматтуу ушул касиеттүү куткаруучулук кесиптин ээлери, ардактуу кесиптештер Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен куттуктап жатып, татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөр менен бакубат жана узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Эли-жерибизди коргоодо эмгегиңиздер жемиштүү болуп, кыргыз элинин сиздерге болгон алкышы артып, батасы тийсин! Майрамыңыздар менен!".

Пикир

Оставить комментарий