• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кочкор районунда жыл аягына чейин 275 орундуу жаңы мектеп ишке берилет

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Кочкор районунда жыл аягына чейин жаңы мектеп ишке берилет.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүлүгүнөн билдиришкендей, Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеби 275 орунга ылайыкталган. Аталган мектептин капсуласы мындан 3 жыл мурун салынган. Учурда курулуштун 80-90 пайызы бүткөрүлдү.

"Билим уясына республикалык бюджеттен 65 млн сом жумшалган. Иш ыргагы өз нугунда жүрсө, мектеп декабрь айында өз эшигин ачмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин республика боюнча 100 мектептин курулушу бүткөрүлүп, ишке берилет.

Пикир

Оставить комментарий