• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Ата районунда аялды өлтүрө сүзгөн жол тандабастын айдоочусу кармалды

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бишкек - Нарын - Торугарт айланма унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жол тандабастын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда болжол менен саат 19:20 чамасында аталган жолдун 54-чакырымынан 1975-жылы туулган С. Э. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, изин жашырып качып кеткен. Ал эми жөө жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсү ыкчам кармоо иш аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган М.Т.аттуу жаранды кармашып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматына жеткиришкен.

Ал эми “Тойота Ланкрузер” үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий