• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Коронавирус: Өзбекстанда бардык ЖОЖ, мектеп жана бала бакчалар жабылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан улам өлкөнүн бардык мектептери, жогорку окуу жайлары жана бала бакчалары жабылат, - деп билдирди бүгүнкү өткөн жыйында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов.

«Дүйшөмбү, 16-марттан тартып ЖОЖ, мектеп жана бала бакчалар жабылат», - деп билдирди өкмөт башчы.

Өзбекстандын премьер-министри кошумчалагандай, Ноорузга карата уюштурулган жана башка бир топ массалык иш-чаралар өтпөй турган болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы учур катталды.

Пикир

Оставить комментарий