• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Тажикстан: Соода министрлиги видеокөзөмөл камералары аркылуу коррупция менен күрөшөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.01.18. /Кабар/. Тажикстанда Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигинин иш бөлмөлөрүндө видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу министрдин орун басары Завки Завкизода билдирди.

Министрлик бул ыкма аркылуу коррупция менен күрөшүүгө ниеттенүүдө.

Былтыр күзүндө антикоррупциялык агенттик тарбынан Инвестицияларды программалоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын төрага орун басары Аскар Нурализода жарым миллион доллар пара менен кармалгандан кийин министрликте коррупция менен күрөш күчөгөн.

Завкизоданын айтымында, мындан ары ар бир мамлекеттик инвестициялык программа өкмөттүк атайын комиссия тарабынан кабыл алынат. Буга чейин бул функция Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлгөн.

Былтыр 28-сентябрда өлкөнүн антикоррупциялык мекемеси Аскар Нурализоданы $490 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармаган. Анын үйүн тинтүү маалында дагы 10 миң доллар табылган. Аскар Нурализода 11 жылга эркинен ажыратылган.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий