• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КР ТИМ башчысы “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумуна катышат

Саясат 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев баштаган делегация “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумуна катышат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги форум 1-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтөт.

Алдыдагы форумдун күн тартибинде логистика, саламаттыкты сактоо, экология, санариптештирүү, туризм жана билим берүү боюнча панелдик сессиялар өтөт. Бул багыттар боюнча Кыргызстан Корея менен эки тараптуу негизде да, Форумдун алкагында да жемиштүү иш алып барууда.

Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Форумдун алдыдагы жыйынына даярдык көрүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп, гибрид форматында баяндамалар жана презентациялар пландаштырылган.

Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар да пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий