• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Япониядагы жер титирөө. КР ТИМ беш кыргызстандык эвакуациялангандыгын билдирди

Кырсык 0

Бишкек, 02.01.24./Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Японияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн Кыргызстандын беш жараны үйлөрүнөн жакын жердеги баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды.

КР ТИМ жана Кыргызстандын Япониядагы элчилиги кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Японияда жүргөн Кыргызстандын жарандары менен байланышта.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылуулары зарыл.

Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, 50гө жакын адам каза болуп, 10дон ашуун киши жабыркаган.

Кеминде 110 имарат кыйрап, өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий