• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КРда “Жашыл экономика жумалыгы - 2018” башталды

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 4-ирет өтүп жаткан “Жашыл экономика жумалыгы - 2018” башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, жумалыктын алкагында семинар, конференция сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө.

“Бир жуманын ичинде жашыл экономикага өтүү боюнча жаңы демилгелер жана негизги багыттар боюнча маалымдоо, сунуштарды иштеп чыгуу, жеке сектордогу “жашыл” технологиялардын калың катмарынын потенциалын жогорулатуу, катышуучуларды башка өлкөлөрдөгү жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык практикасы менен тааныштыруу сыяктуу маселелерди чечүүгө багытталган иш-чаралар өтөт. Андан сырткары жеке секторду туруктуу өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана инструменттерди талкуулоо, “жашыл” чаралар, саясаттар технологиялар, ресурстар жана башка чечимдер боюнча маалыматтык жана билим берүүчү иш-чараларды өткөрүү болот”, - деди ал.

Алымбаев “Жашыл” экономика жумалыгы ведомстволор аралык координацияны жана кызыккан кең топтордун процессине активдүү катышууну камсыз кыларын, максаттуу жашыл экономиканын мамлекеттик программаларга жана саясатка биригүүсүнө көмөктөшкөн так жана улануучу саясий негизди түзөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий