• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кулубаев Венгриянын ТИМ башчысы менен чек арадагы кырдаалды талкуулады

Саясат 0

Бшишкек, 17.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде П. Сийярто кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан окуялар олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеп, дипломатиялык күч-аракеттер менен тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий