• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргыз милициясына 97 жыл. Кадамжайда мектептер ортосунда спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кыргыз милициясынын 97 жылдык майрамынын урматына Кадамжай районунун аймагындагы орто мектептердин ортосунда спорттук иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, демилге Кадамжай РИИБнин жетекчилиги тарабынан көтөрүлүп, спорттун кичи футбол, волейбол түрлөрү 5 командада ойнотулду.

Иш-чаранын максаты - жаш өспүрүмдөрдү ынтымакка чакырып, кылмыштуулуктан жана укук бузуулардан арылтуу.

Спорттон жеңген командаларга Кадамжай РИИБнин сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий