• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 17.05.23./Кабар/. Бүгүн, 17-майда, президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий