• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Инвесторлордун укуктарын коргоону камсыздоонун маанисин белгилеп, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына дайыма мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды.

Президент КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулун кабыл алып, инвестициялык чөйрөнү жана ишкерлик тармакты жакшыртуу, тышкы соода-сатыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Шумкарбек Адилбек уулу өлкөгө инвестицияларды тартуу боюнча ведомствонун ишмердиги, Агенттиктин өнүгүү стратегиясы жана жакынкы жылдарга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү учурунда өлкөнүн жетекчилигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашырууда талаш-тартыштарды өз убагында аныктоо боюнча жумушту күчөтүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө активдүү катышуу керек.

Президент Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясына ылайык, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, өндүрүш, энергетика, туризм, тоо-кен өнөр жайы сыяктуу негизги багыттар боюнча өлкөнүн аймактарына инвестицияларды тартуу экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий