• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 12 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 79 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 697 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 382 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 34 миң 435 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 812 миң 539 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий