• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сутка ичинде 32 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте эки, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда сегиз, Талас облусунда алты, Жалал-Абад облусунда 14, Ысык-Көл облусунда бир медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 488 учур катталды, алардын ичинен 3 113 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 15-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 388 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 50 миң 589ду түзөт. Алардын ичинен 45 миң 80 киши айыгып чыкты, 1 миң 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий