• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 120 чарч ыметр турак үй толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдардын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жарадар айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 40 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында күрөөкананын 4 чарчы метр шыбы жана эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий