• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Кыргызстанда дем алышта 42 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.06.23./Кабар/. Кыргызстанда дем алышта 42 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында 9, Ош шаары 1, Ош облусу 5, Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 6, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусу 3, Баткен облусу 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө өрттү өчүрүүгө 49 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда аянты 90 чарчы метр болгон мончо жана кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Араван районунун Көк-Таш айылында аянты 108 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сокулук районунда Ылдыйкы-Орок айылында "Орок Сити" дүкөнүнүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий