• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичине алтоосу реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 284 адам бейтапканаларда жатып, дарыланууда.

"Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 55 бейтаптын абалы орточо оор. 12 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат. Алардын ичинен бешөө Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында, бирөө Ноокат райондук ооруканасында жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ди түзөт. Алардын ичинен 416 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий