• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 дарыгер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 дарыгер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды.

"Буга чейин 34 дарыгер коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Илдетти дагы беш медик жуктуруп алды. Бүгүнкү күндө коронавирус 39 медкызматкерден табылды", - дейт ал.

Каратаевдин маалыматына караганда, Бишкекте - 8, Чүйдө - 1, Ош облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда - 8 жана Баткен облусунда - 1 медик COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий