• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда кылмыштарды катоо китебинин бирдиктүү реестри пайда болот - Коопсуздук кеңеши

Коом 0

Бишкек, 12.09.18 /Кабар/. Кыргызстанда кылмыштарды каттоо китебинин бирдиктүү реестри иштеп баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда реестрди ишке берүү боюнча бардык техникалык документтерди даярдоо жүрүүдө.

“Аталган реестр укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатат. Коомчулук жана биздин жарандар онлайн режимде кылмыштарды каттоо китебинде катталган арыздардын жана кылмыштардын кантип карала турганына көз салып турса болот. Бардык тергөөчүлөр жана прокурорлор, башка укук коргоо, көзөмөлдөө органдары кылмыш жасаган тигил же бул кылмышкерди жашыруунун алдында 10 жолу ойлоно турган болушат”, - деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал 2018-жылдын аягына чейин кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондордун бирдиктүү маалымат базасы ишке кире турганын белгиледи.

“Ал коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эффективдүү каражат болот”, - деди Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий