• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Кыргызстанда сутка ичинде 379 бейтап пневмониядан айыкты. Жалпы 3797

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 379 бейтап пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жалпы ооруканадан тышкары пневмониядан 3797 адам айыгып чыккан.

“Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны -612 адамдытүздү”, - деди Акматова.

Пикир

Оставить комментарий