• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанга шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов келет

Коом 0

Бишкек, 24-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Шахмат боюнча 12-чемпион Анатолий Карпов балдар арасында шахмат боюнча КР Президентинин IV Кубогунун сыйлык тапшыруу аземине катышат. Бул тууралуу V Sport спорт агенттиги билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 25-мартта КР шахмат федерациясынын чакыруусу менен Анатолий Карпов Бишкекке учуп келет.

“Өлкөбүздө шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну колдоо, жаш муунга өбөлгө берүү максатында, турнирдин деңгээлин эске алуу менен Анатолий Евгеньевич КРга келүүгө макул болду. Ардактуу мейман катары дүйнө чемпиону балдар арасында шахмат боюнча КР Президентинин Кубогунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырат”, - деп билдиришти агенттиктен.

КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун айтымында, Кыргызстанга келүүгө чемпионду көптө көндүрүшкөн. “Бул окуяга абдан кубанып турабыз. А.Карповдун келиши өлкөбүздөгү шахматтык “бум” болуп калат. Жан шахматчылар дүйнө чемпионунун колунан белек сыйлык алып кубанышат деп ишенебиз”, - деди М.Турпанов.

Пикир

Оставить комментарий