• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кытайда коронавирустан 2715 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2715 адамга жетти, ал эми 29 миңден ашык адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

31 провинциядан алынган акыркы маалыматтарга таянсак, илдетти жуктуруп алган 78 064 учур катталган, 29 745 адам ооруканадан чыгарылган, ал эми каза болгондордун жалпы саны 2715ке жетти.

Акыркы суткалар ичинде Хубэй провинциясында вирусту жуктуруп алган 41 учур катталган, 51 адам көз жумгандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий