• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сергей Лавров: Кыргызстанда экинчи аскердик базаны ачуу биздин демилге эмес

Саясат 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров Кыргызстандагы экинчи аскердик базанын ачылышы тууралуу Россиянын позициясын билдирди. Бул маселеге Лавров бүгүн Кыргыз-орус славян университетиндеги студент жана окутуучулар менен жолугушууда ага ушул боюнча суроо берилгенде токтолду.

Анын айтымында, аталган демилгени эки тарап талкуулай элек болгондуктан бул боюнча комментарий берүү азырынча эрте.

"Бул биздин демилге эмес. Биз бул тууралуу алгач ирет уктук. Коопсуздук максатында жаралган идеяларды биздин кыргыз досторубуз менен талкуулоого даярбыз", - деди Лавров.

Эскерте кетсек, 18-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында россиялык "Интерфакс" агенттигинен Кыргызстандын түштүгүндө экинчи россиялык базаны ачуу боюнча сөздөр тууралуу суроо жаңырган. Мамлекет башчы ага кыска жооп берип, азырынча андай кадамдар керек эместигин билдирген.

Бирок Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов россиялык ТАСС басылмасында 1-февралда чыккан маегинде "дагы бир россиялык базанын ачылар же ачылбасы Кыргызстандын башчысынын жана тийиштүү күч түзүмдөрү жана мекемелердин көзөмөлүндө" экенин айткан.

Ошондой эле ал баса белгилегендей, бул маселе үстүбүздөгү жылдын март айында Владимир Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында талкуулана турган күн тартибиндеги негизги темалардын бири болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий