• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан арыздарды кабыл алуу аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 11-августта аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта дагы 4 талапкерден арыз түшкөн, жалпы 34 талапкер (28 – эркек, 6 – аял) көрсөтүлдү.

Боршайком учурда алты талапкерди каттады (Аскар Алмаз уулун, Токтогул Какчекеевди, Эртай Искаковду, Турсунбай Бакир уулун, Сулайман Мамаевди, Жамалбек Ырсалиевди", ал эми бирөөнү каттоодон баш тартты (Жаныбек Абиров).

БШК конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2023-жылдын 13-августтун саат 18.00гө чейин төмөнкү документтердин толук пакетин БШКга тапшыруу керек экенин эске салат:

- өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен бекитилген формага ылайык, талапкер жөнүндө маалыматтарды;
- паспортунун көчүрмөсүн;
- жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- бекитилген формага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
- жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Конституциялык мыйзамдын 49, 61-беренелерине ылайык талапкерлерди каттоо 2023-жылдын 20-августунда аяктайт.

Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык бардык талапкерлерди каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат, б.а. 2023-жылдын 8-21-августунан тартып.

Арыз бергендердин тизмеси:

- 66 жаштагы Асылбеков Куттубек Бообекович;
- 62 жаштагы Нышанов Назарбек Айтбекович;
- 69 жаштагы Мамаев Сулайман Шамшиевич;
- 33 жаштагы Эртай Искаков;
- 29 жаштагы Аскар Алмаз улуу;
- 40 жаштагы Роман Ремнев;
- 62 жаштагы Эркин Булекбаев;
- 65 жаштагы Бакир Турсунбай уулу;
- 76 жаштагы Какчекеев Токтогул;
- 35 жаштагы Абиров Жаныбек Болотбекович;
- 46 жаштагы Тагаев Русланбек Таштанбекович;
- 47 жаштагы Шаршенбиев Бакыт Нурджанович;
- 56 жаштагы Сооронбаева Нургүл Момуновна;
- Эсенаманов Мурат Кубанович;
- 42 жаштагы Кадыралиева Ыргал Кармышаковна;
- 44 жаштагы Осмоналиева Ханзада Исаковна;
- 48 жаштагы Ырсалиев Жамалбек Самарбекович;
- 42 жаштагы Аттокур уулу Илимбек;
- 53 жаштагы Кермалиев Таалайбек Женишович;
- 39 жаштагы Самаков Кубанычбек Карганбекович;
- 39 жаштагы Капаров Чыңгыз Капарович;
- 57 жаштагы Аднаева Нургүл Мажитовна;
- 29 жаштагы Ажыбеков Руслан Ажыбекович;
- 52 жаштагы Искендеров Жеенбек Урудинович;
- 55 жаштагы Исмаилова Карачач Джумаевна;
- 56 жаштагыРысалиев Бактыбек Коржубаевич;
- 31 жаштагы Абдуллаев Нурсултан Абдуллаевич;
- 58 жаштагыБалтабаев Абдивали Жакыпович;
- 51жаштагы Саралаева Лейла Маратовна;
- 69 жаштагы Мамытов Токтокүчүк Болотбекович;
- 43 жаштагы Субанов Айбек Манасбекович;
- 62 жаштагы Керимбеков Бакыт Макенович;
- 66 жаштагы Айткулов Муктарбек Мукулович;
- 34 жаштагы Якубов Ильязбек Абдувалиевич.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий