• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бишкекте “БМВ” унаасы өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жал кичи районундагы 1/2 үйдүн короосунда “Энерготехсервиске” караштуу көмөк чордонундагы трансформатор күйгөн. Андан чыккан өрт жанында турган “БМВ” үлгүсүндөгү унаага өтүп, унаа толугу менен күйүп кеткен.

Сокулук районунун Ак-Жол айылында контейнерден салынган чарба дүкөндүн ички 150 чарчы метр жасалгасы күйгөн.

Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы Орозбеков көчөсүндө турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры, 2 бөлмөсү жана жанындагы сарайдын 5 чарчы метр чатыры, 1 миң түк чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий