• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Монголиянын өкмөт башчысы Абылгазиевди премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Монголиянын Премьер-министри Ухнаагийн Хурэлсух Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

«Акыркы жылдары биргелешкен эки тараптуу күч-аракеттерге жараша Монголия жана Кыргыз Республикасы ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө жана биз демократияны өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер жана тажрыйбалар менен өз-ара алмашуудабыз. Сиз менен келечекте достук мамилелерибизди чыңдоо, өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында кызматташууга кубанычтамын», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий