• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарында туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин катышуусунда облустун туризм тармагынын өкүлдөрү менен Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президиум мүчөлөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү. Бул утуралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Нарын облусунун туризм тармагын өнүктүрүү максатында жүзөгө ашкан алгылыктуу аракеттер жана алдыда мерчемделген пландар ортого салынып, тармакты өнүктүрүүдөгү маселелер талкууланды.

Жыйынды ачкан ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев туризм тармагы эң кирешелүү тармак экенин белгилөө менен кызматка киришкен күндөн эле туризм тармагына көңүл буруп, бул тармакта бир катар алгылыктуу иштер аткарылганын белгиледи.

Алсак, туризм боюнча иш алып барган мекеме-уюмдардын башын бириктирип "Нарын туризм ассоциациясы" түзүлгөн. Облуста биринчи жолу туризм форуму өткөрүлгөн. Борбордук Азия университетинин материалдык-техникалык колдоосу менен облусубуздун туристтик жайлары тасмага түшүрүлүп, видео-роликтер даярдалган. Облустун туристтик логотиби, сайты иштелип чыгууда.

Андан тышкары, заман талабына ылайык туристтик маалымат борборун куруу иши башталганы турат. Жакында бардык райондордо туристтер үчүн кемпингдерди куруу колго алынат. Эң негизгиси "Нарын облусунун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата Стратегиялык планы" иштелип чыккан. Туризм тармагында иш алып барган ишкерлер менен жергиликтүү администрациялардын кызматкерлеринин башын бириктирип, багыттуу иш алып баруу, туристтерди тейлөөнү жакшыртуу, туристтик жайларга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, инфратүзүмүн жакшыртуу негизги милдеттерден.

Облус жетекчиси быйыл тартылган видео-тасма Дубайда көрсөтүлүп, ал жакта абдан чоң кызыгууну жаратканын билдирди. Ошондой эле жасалып жаткан жумуштарга бюджеттен 1 тыйын коротулбай демөөрчүлөрдү издөө менен ишке ашып жатканын белгиледи.

Жолугушууда Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын генералдык директорунун милдетин аткаруучу Нурбек Сапаров ассоциация тарабынан туруктуу туризмди өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын айтты. Ошондой эле туризм тармагында Кыргызстан боюнча Нарын облусунда көлөмдүү жумуштар жасалганын баса белгилеп, иштин натыйжасын көрсөтүп, башка региондорго үлгү болууга чакырды.

Нурбек Сапаров муну менен катар Safe travel темасында презентация жасады.

Мындан сырткары, жыйында Нарын туризм ассоциациясынын мүчөсү Бакыт Эгембердиев тарабынан “Нарын обусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата Стратегиялык планы”, Нарын туризм сайтынын негиздөөчүсү Рамил Беков тарабынан Нарын облусунун сайты тууралуу презентациялар болду.

Ошондой эле Нарын облусунун эң кооз туристтик жайлары камтылган видео-тасма көрсөтүлдү.

Жолугушуу суроо, жооп, сунуштар менен коштолуп, туризм тармагындагы өнүгүү багыттары кеңири талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий